Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 15:00
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Коронавирус пандемиясы учурунда кол кабыш кылгандарга медаль берилет

12.06.2020 13:56
1018
Коронавирус пандемиясы учурунда кол кабыш кылгандарга медаль берилет


Россиянын Президенти Владимир Путин коронавирус пандемиясынын мезгилинде өз ара жардамдашуу боюнча жалпы россиялык акцияга кошкон салымы үчүн эстелик медаль уюштурууну чечти. Тиешелүү токтом Кремлдин укуктук маалыматтар порталына жарыяланды.


Медаль “Биз биргебиз” жалпы россиялык өз ара жардамдашуу акциясына чын дилден кошкон салымы үчүн” деп аталат

Эстелик медалдарды чыгарууга мамлекет башчысынын фондунан 29,9 миллион рубль бөлүнөт.


Эске салсак, Россияда “Биз биргебиз” акциясы 21-мартта башталган жана ага 117 миңден ашык ыктыярчылар тартылып, алар тарабынан 3 миллион адамга жардамдар көрсөтүлгөн.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн