Коронавирус соңку учурда мекеме, уюмдарда иштеген
жарандардан аныкталууда. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун
басары Нурболот Үсөнбаев 18-июндагы брифингде билдирди.
“Бүгүнкү күндө инфекция көбүнчө мекеме жана уюмдарда иштеген жарандарда аныкталууда. Жабык бөлмөлөрдө же жакын байланышта болгондо жугуп калууда. Базарларда жана соода борборлорунда да абайлоого чакырам. Үй шартында да дарылангандар болуп жатат, бирок бул коопту. Эгер дене табыңыз көтөрүлүп же башка оорунун белгилери болсо медицина кызматкерлерине кайрылыңыздар деп чакырып кетет элем”, - деди Үсөнбаев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн