Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети жаңы маалыматтык ресурсттарды ишке киргизди. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдан кабарлады.
Маалыматка ылайык, Кыргызстандык программисттер IT-коомчулук жана КР Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин демилгесинин алкагында hidoctor.kg, covid.gov.kg (covid.kg) жана http://virus.el.kg/ сайттары иштелип чыккан. Анда http://virus.el.kg/ аталышындагы сайт кыргыз тилдүү.
Сайттан дүйнө жүзү жана Кыргызстан боюнча коронавируска чалдыккан адамдардын, айыккандардын жана вирустан каза болгондордун саны тууралуу онлайн режимде маалымат алса болот.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн