Жарандарыбызды коронавирус жок деген жалган маалыматка шенбөөгө чакырам. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев 25-июндагы брифингде билдирди.
"Биз өз ден соолугубузга кам көрөлүү жана жоопкерчилик менен мамиле кылалы. Беткап тагып, колду бат-баттан жууп, жөнөкөй эрежелерди сактасак илдетти эрте жеңебиз. Жарандарыбызды коронавирус жок дегенге ишенбөөгө жана тастыкталган расмий маалыматка гана ишенүүгө чакырат элем. Бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарып тартипти сактайлы”, - деди Каратаев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн