Баш оона 22, 2025
Убакыт: 07:10
USD
87.10
87.60
EUR
101.20
102.20
RUB
1.080
1.110

Коронавирус жуктурган 495 адам стационарда дарыланууда

10.06.2020 10:33
1284
Коронавирус жуктурган 495 адам стационарда дарыланууда

 

Өлкөдө коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын 495и стационарларда дарыланууда. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 10-июндагы брифингде билдирди.


Маалыматка ылайык, стационарларда жаткан 495 бейтаптын экөөсү жандандыруу бөлүмүндө жатат. Ал эми ооруканадан 1572 адам чыгарылса, 26 киши илдеттен көз жумган.


Ошондой эле соңку сутка ичинде 2 816 изилдөө жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында COVID-19дун жаңы 38 учуру катталган.


Бир сутка ичинде коронавирус менен жаңы 38 учур катталды. Жети учур чет өлкөдөн келген жарандардан жана 24 учур медициналык көзөмөлдө турган жарандардан аныкталган. Калган 7 учурдун жугузуп алган шарттары белгисиз”, - деди Үсөнбаев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн