Бугу 04, 2024
Убакыт: 08:08
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Коронавирус жуктургандар эмне үчүн көбөйдү?

Коронавирус жуктургандар эмне үчүн көбөйдү?

Кыргызстанда 2021-жылы 30-июлда коронавирустун 1 миң 965 жаңы учуру катталды, анын ичинен 1 миң 490ну Бишкек шаарына туура келет.


Саламаттык сактоо жанан социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдиргеней, илдеттин көбөйүшүн адистер төмөнкү факторлорго байланыштырышат:


Коронавирустун жаңы мутацияланган – түштүкафрикалык, британдык жана россиялык штаммдарынын пайда болушу;


Адамдардын ар кандай чектөөлөрдөн "чарчоосу" жана натыйжада калктын алдын алуу каражаттарын таптакыр сактабоосу - бет кап тагынуу, кол гигиенасын жана физикалык аралыкты сактоо.


Калктын өзүнө жана курчап турган айлана-чөйрөгө болгон социалдык жоопкерчилигинин төмөндүгү.

Бирок көрсөткүчтөрдүн жогору болушу лабораториялык диагностиканын жеткиликтүүлүгү менен дагы байланыштуу, ошону менен эрте аныктоо жана эпидемияга каршы иш-чараларды өз убагында жүргүзүү.


Учурда 1 миң 965тин 1 миң 852си же 94%ы лабораториялык жол менен, ал эми 113 учуру клиникалык-эпидемиологиялык тастыкталган.


Ошондой эле, салыштыруу үчүн, өткөн жылдын июль айында лабораториялык анализ менен оорунун 20-30% гана тастыкталган, калгандары клиникалык-эпидемиологиялык байланыштын негизинде.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн