Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 05:19
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Коронавирус жуктургандардын арасында күчөп кеткен абал жок, - Т.Сооронбаев

25.03.2020 18:23
720
Коронавирус жуктургандардын арасында күчөп кеткен абал жок, - Т.Сооронбаев


Кыргызстанда коронавирус илдети менен дарыланып жаткан бейтаптардын абалы канааттандыраарлык. Бул тууралуу өпкө оорулары боюнча башкы дарыгер Талантбек Сооронбаев жергиликтүү ЖМКларга берген маегинде билдирди.


Анын айтымында, бүгүнкү күнгө карата коронавирус инфекциясынын жуктуруп алгандардын саны 44 адамдарга жетти. Алардын бардыгы керектүү дарылоо процедураларынан өтүп жатат жана бардыгынын абалы канааттанадыраарлык.


Өтө кыйналып, өлүм коркунучуна жана күчөп кеткен формага айланган абал жок. Ошондой эле, жасалма дем алдыруучу аппаратка муктаж болгон учур катталган жок. Бир гана улгайган бейтап жандандыруу бөлүмүндө жатат, анын абалы орточо оор”, - дейт Т.Сооронбаев.


Ошондой эле вирусту жуктуруп алгандарга психологиялык жардамдар да берилип, ооруудан айыгып кетүүгө болоорун, эч кандай чочулоого негиз жок экенин жана талаптарды туура аткарып, дарылоонун шарттарын толук сактоо керектигин дарылап жаткан врачтар түшүндүп жатат.


Арасында коркуп, кандайдыр бир дүрбөлөңгө түшкөндөрү жок. Эң негизгиси ишенич болуш керектигин айтып жатабыз. Ишенич дагы айыгып кетүүгө чоң өбөлгө болот”, - дейт башкы дарыгер.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн