Бугу 20, 2024
Убакыт: 12:06
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Коронавирус жуктургандардын саны көп деген маалымат чындыкка дал келбейт

18.03.2020 17:06
783
Коронавирус жуктургандардын саны көп деген маалымат чындыкка дал келбейт


Саламаттык сактоо министрлиги коронавирусту жуктурган адамдардын санын жашырып жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Төлө Исаков бүгүн маалымат жыйында билдирди.


Анын айтымында, учурда коронавирусту жуктургандардын саны 3төн көп, так санды жашырып жатышат дегендер бар. 


"Каалайбызбы, каалабайбызбы бул ооруну эч качан жашыра албайбыз, жашырууга да мүмкүн эмес. Бул эпидемиядан коркууга негиз жок. Кадимки сасык тумоонун бир түрү", - деди ал.


"Күнүмдүк жашоодогу сасык тумоону дүйнө жүзү боюнча 10 млн адамдан ашык киши жуктурса, 300 миңден 600 миңге чейин адам көз жумат, ал эми кургак учуктан миллиондоп адам каза табат", - деди орун басар. 


Ал кошумчалагандай, аталган оорулар боюнча каршы дары-дармектер бар. Ал эми коронавирус жаңы илдет болгондуктан так вакцина жок. Ошондон улам чоочулап жаткандар көп. Азыр вакцина боюнча изилдөөлөр жүрүп жатат, бирок акырына чыга элек.  


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн