22-апрелге карата коронавирус илдетин жуктуруп алган 5 адам реанимацияда жатат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымат жыйында билдирди.
Анын айтуусуна караганда стационарда – 351 адам жатат, алардын бешөөсү жандандыруу бөлүмүндө. Ал эми ооруканадан 254 бейтап чыгарылса, 7 киши каза болгон.
Ошондой эле, изилдөөгө келип түшкөн 36 173 үлгүлөрдүн, 36 081ине изилдөө жүргүзүлгөн.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн