Бугу 04, 2024
Убакыт: 14:50
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Булак: Коронавирус жуктуруп алган Эмомали Рахмон Германияга учуп кетти

05.05.2020 12:18
2341
Булак: Коронавирус жуктуруп алган Эмомали Рахмон Германияга учуп кетти


Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон COVID-19 инфекциясын жуктуруп алды. Буга байланыштуу ал 3-май күнү Phoenix Air компаниясынын Gulfstream G-III учагы аркылуу Душанбеден Германиянын Рамштайн шаарына атайын каттам менен учуп кетти. Бул тууралуу тажик оппозиция өкүлү Шарафидин Гадоев Фейсбуктагы баракчасы аркылуу атайын кызматтар берген маалыматка таянып жазып чыкты.


Анын айтымында, бул учак атайын медициналык жабдыктар менен камсыздалып, дарыгерлер персоналы жана оор абалдагы бейтаптарды ташуучу жабдуулары дайындалган.


Рахмон өлкөдө өзгөчө абалга карабай көп убакыттан бери коомчулук алдына чыга элек болчу. Анын сыркоолоп калуусу тууралуу булактар кабарлаган маалымат чындыкка окшошуп турат, деп жазылат маалыматта.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн