Бугу 19, 2024
Убакыт: 01:42
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Коронавирус жуктуруп алган Ибраим Нуракун уулу ооруканага жаткырылды (маек)

19.06.2020 12:24
1403
Коронавирус жуктуруп алган Ибраим Нуракун уулу ооруканага жаткырылды (маек)

 

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу коронавирус жуктуруп алгандыгына байланыштуу учурда Токмок шаарындагы аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнө жаткырылып, дарылануудан өтүп жатат. Бул тууралуу ал бүгүн, 19-июнда “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттигине билдирди.


Белгилей кетсек, кечээ, 18-июнда кечке маал ал вирус жуктуруп алганы тууралуу Фейсбуктагы баракчасынан билдирген эле. Ошондой эле дене табы 37ге жеткенин көрсөткөн сүрөтүн жарыялаган болчу. Мындан улам кесиптештери, жакында эле маек курууда байланышта болгон депутаттар Каныбек Иманалиев менен Акылбек Жапаров да тест тапшырган. Суроолорго жооп берип жатканда Ибраим мырзанын жөтөлгөнү байкалды.


-  Абалыңыз кандай, азыр кайдасыз?


- Учурда Токмок шаарындагы аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнө келип жаттым. Дем алыш күнү дене табым көтөрүлүп баштаганда үйдөн чыкпай, өзүмдү камоого алып обочолонуп жаттым. Бирок ал учурда дене табым өтө деле бийик болгон эмес, орточо эле болчу. Ошого байланыштуу жөнөкөй сасык тумоо болсо керек деген ой менен үйдө эле болгом. Кечээ, 18-июнда жумушка чыгаар алдында текшерүүдөн өтүп коюу максатында тест тапшыргам. Түштөн кийин анализден коронавирус бар деген жыйынтык чыкты. Буга байланыштуу жумушка чыкпай калдым, мындан ары да обочодо болом жана азыркы учурда дарыгерлердин кароосундамын.


- Анализдин жыйынтыгын жаңы укканда өзүңүздү кандай сездиңиз, күтпөсөңүз керек?


- Жок, бул нерсе башынан эле күтүлгөн. Бир күнү болбосо бир күнү бул илдеттин келээрин билчүмүн. Ошого карата үй-бүлөбүздө даярдык көрүлүп, атайын бөлмөнү мурдатан бөлүп койгонбуз. Эгер вирус чыгып калса, обочолонуп, балдарымды алыс кармоо максатында өз ара чараларды көргөнбүз.


-  Сиз качан, кайдан жуктуруп алышыңыз мүмкүн?


- Муну так айтуу мүмкүн эмес. Себеби менде үй анан жумуш эле да. Балким жолдон, балким такси менен келе жатканда же болбосо эшиктин туткасын кармаганда жуктуруп алдымбы, бул белгисиз.


- Үй-бүлөңүз да текшерүүдөн өтөбү эми?


- Ооба, текшерүү жүргүзүлөт. Азыр алар үй карантининде.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн