Кулжа 16, 2024
Убакыт: 20:18
USD
87.10
88.00
EUR
93.70
94.70
RUB
0.955
1.000

Коронавирус жуктуруп алган медкызматкерлерге эми 200 миң эмес 75 миң сом төлөнөт

27.01.2021 11:28
563
Коронавирус жуктуруп алган медкызматкерлерге эми 200 миң эмес 75 миң сом төлөнөт

2021-жылдын январь айынан тарта кызмат учурунда коронавирус жуктуруп алган медицина кызматкерлери мурдагыдай 200 миң сом эмес, 75 миң сом компенсация алат. Ал эми оорудан көз жумган ак халатчандардын жакындарына 1 миллион сом эмес, болжол менен 2 миллион 800 миң сом берилет. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин юридика бөлүмүнүн башчысы Азамат Жумакеев билдирди.


Маалыматка ылайык, мындай өзгөрүүлөр "Медицина кызматкерлеринин статусу" жөнүндө мыйзамына байланыштуу.


"2020-жылы май айында чыккан буйрукка ылайык, иштеп жүрүп коронавирус жугузуп алган медицина кызматкерлерине 200 миң сом, ал эми иштеп жүрүп, оорудан  каза болгон медицина кызматкерлерине 1 миллион сом берилет деп көрсөтүлгөн.

Жогорку Кеңештин 30-июлда "Медицина кызматкерлеринин статусу" жөнүндө мыйзамынын 13-14-беренелерге өзгөртүүлөр киргизилген. Ошонун негизинде социалдык пакет тууралуу мыйзам кабыл алынган. Анда өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал учурунда иштеген медициналык кызматкерлердин компенсациялык төлөмү көрсөтүлгөн.

2021-жылы январь айында кабыл алынган мыйзамды ишке ашыруу үчүн токтом кабыл алынды. Токтомдо компенсацияны төлөө жобосу бекитилди. Анын ичинде коронавирусту жуктуруп алып, ооругандардын баарыны тең төлөмдөр айлыгынан (оклад) 15 эсе төлөнөт деп көрсөтүлгөн. Демек, андан төмөн болбойт дегендик. Мисалы, дарыгерлердин орточо айылыгы 5 миң сом болсо, ошондо аны 15ке көбөйткөндө компенсациянын суммасы чыгат.

Компенсацияны алуу үчүн керектүү документтер жобонун ичинде камтылган. Мурун бардык документтерди Саламаттыкты сактоо министрлигиндеги комиссияга келип тапшырышса, азыркы учурда өзү (медициналык кызматкер) иштеген мекемелердин ичинде комиссия аркылуу такталат. Эгер документтер талапка жооп берсе, ошол жерден компенсация төлөнөт", - деди Азамат Жумакеев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн