Бугу 05, 2024
Убакыт: 14:06
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Коронавируска байланыштуу өзгөчө абалдан кантип чыгабыз?

27.04.2020 13:08
863
Коронавируска байланыштуу өзгөчө абалдан кантип чыгабыз?


Акыркы маалыматтарга караганда, Европа мамлекеттеринде коронавирус илдетине чалдыккандар жана андан каза болгондордун саны төмөндөп баратат. Кыргызстанда да бул илдетке кабылгандардын жаңы катталгандары улам азаюуда. Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаевдин айтымында коронавируска байланыштуу кырдаал республика боюнча көзөмөлдө жана жакынкы убакыттарда бул илдеттин жайылышынын чокусу күтүлбөйт, себеби ал убакыттан өттүк. Мамлекет башчысы, парламент төрагасы жана өкмөт башчысы да мамлекетти карантинден чыгаруунун этаптары тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Демек, 30-апрелден кийин өлкөбүздө өзгөчө абал режими узартылбай турганын түшүнсөк болот. 


Негизи эле тунжураган өзгөчө абалдан дүйнө мамлекеттери акырындык менен жай турмушка кайтып баруунун аракеттерин көрө баштады. Европа мамлекеттеринин көпчүлүгүндө өзгөчө абалды акырындык менен жумшартуу аракеттери башталды. 


Пандемиядан катуу жапа чеккен Бельгия да карантинден баш тарта баштады. Расмий статистика боюнча 11 миллиондук калкы бар бул падышалыкта 44 миңдин тегерегинде илдетке чалдыккандар катталган. Алардын 6 миңден ашууну каза болгону да айтылды. Брюссель кадимки жай турмушка кайтууну үч этап менен ишке ашырууну чечти. Биринчиси, 4-майдан тарта өнөр жай ишканалары ишке кирет, экинчиси, 11-майдан тарта дүкөндөр толук кандуу иштей баштайт, үчүнчүсү, 18-майдан тарта мектептер жана кызмат көрсөтүү сферасындагы ишканалар (кафе, чачтарач, сулуулук салондору жана башкалар) жанданат. Ошол эле убакта Бельгия калкты массалык тестирлөөдөн өткөрүүнү уланта берүүнү чечти, күнүнө орточо 25 миңге чейин. 


Жети миң жараны коронавируска чалдыгып, анын 214ү каза болгон Чехия да чек араларын ачты. Бул мамлекеттин калкы эми өлкө ичинде да, анын сыртында эркин жүрө алышат. 


Ал эми Нидерландияда 28-апрелден тарта 18 жашка чейинки өспүрүмдөргө спорт менен машыгууларга уруксат берилди. Бул өлкөдө жарандардын ээн-эркин жүрүүсүн эч ким чектеген эмес. Бирок, экиден ашык адамдардын чогулушуна чектөө киргизилген. Нидерландиянын өкмөтү 11-майдан тарта 12 жашка чейинки балдар мектепке баруусуна уруксат бере турган болду. Бирок, алар кичинекей топтордо бөлүнүп окуйт, ар бир окуучунун ортосунда 1,5 метр аралык сакталышы керек. 20-майдан тарта чачтарач жана башка кызмат көрсөтүүчү сферадагы ишканалар иштеп баштайт. Ал эми кафе-ресторандардын качан ачылары азырынча белгисиз. 25-апрелге карата маалымат боюнча Нидерландияда  36 миң 540 адам илдетке чалдыгып, анын 4289у каза болгон. 


Австрияда карантин өткөн аптадан баштап жумшара баштаган, кичинекей дүкөндөр жана бутиктер ишке кирген. Май айынын башынан тарта ири соода түйүндөрү ишке киргени турат. Ошондой эле мектептер дагы. 


Айтор, дүйнө мамлекеттери коронавируска байланыштуу өзгөчө абалды акырындык менен жумшартып, жай турмушка өтүү аракеттерин көрө баштады. Бирок, өзгөчө абалдын талаптарын алып таштагандан соң дароо эле мурдагы өзүбүздүн көргөн көндүм жашоого кайтып бара калабыз деген ой жаңылыштык. Колду бат-баттан жууп туруу, дезинфекциялоочу каражаттарды пайдалануу жана адамдардын ортосундагы аралыкты сактоо сыяктуу базалык чаралар биздин жашоодо дагы көпкө чейин калат. Болбосо, коронавирус илдетинин экинчи толкуну чыгып кетүү коркунучу бар. 


Азыркы тапта COVID-19 эпидемиясына каршы вакцинаны көптөгөн өлкөлөрдүн окумуштуулары иштеп чыгуунун үстүндө болууда. Бирок, ал качан пайда болору азырынча белгисиз. Андыктан жай турмушка өтсөк дагы, коронавирустан сактануунун базалык талаптарын узак убакытка чейин сактоого туура келет.


Канатбек Аскаров

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн