Бугу 20, 2024
Убакыт: 21:31
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Коронавируска чалдыккандардын 48 пайызы ооруканадан чыгарылды

23.04.2020 15:26
937
Коронавируска чалдыккандардын 48 пайызы ооруканадан чыгарылды


COVID-19 вирусуна чалдыккан бейтаптардын 48% ооруканадан чыкты. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдын жыйыны учурунда белгиленди. 


Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов өлкөдөгү азыркы эпидемиологиялык абал тууралуу айтып берди. Бүгүн, 23-апрелге карата Кыргызстанда COVID-19 илдетинин 631 учуру катталды. Стационарда – 321 бейтап, алардын бешөөсү жандандыруу бөлүмүндө жатат. 8 адам каза болду. 


Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов белгилегендей, аймактарда обсервациялык жайлар жарандарды кабыл алууга даяр турууга тийиш.


«Тиешелүү мамлекеттик органдар мекендештерибиздин өлкөгө кайтуусу үчүн каттамдарды уюштуруу маселелерин иштеп жатышат. Аймактарда обсервация жайларынын жарандарды кабыл алууга даярдыгын камсыз кылуу зарыл. Жергиликтүү бийлик органдары кечээ жакында Новосибирсктен келген жарандардын жашоо шарттарын көрүп чыгууга, зарылдыгына жараша алар үчүн карантиндик эрежелерди мындан ары сактоого обсервациялык орундарды даярдашы керек », - деди Кубатбек Боронов. 


Жыйында белгиленгендей, медицина кызматкерлери үчүн атайын иштелип чыккан http://med.tunduk.kg/ платформасына медицина кызматкерлеринен кайрылуулар келип түшүүдө. Билдирмелер иштелип чыгууда, бардык кайрылуулар боюнча тиешелүү түшүндүрмөлөр жана тапшырмалар берилди.


Белгилей кетсек, бул ресурс биринчи кезекте штабдын жана жооптуу органдардын ак халатчандар туш болгон маселелерге ыкчам жооп кайтаруусуна багытталган.


Мындан тышкары жыйында байланышкан адамдар менен иштөө боюнча мындан аркы иш-аракеттер талкууланды. Тармактык органдарга калктын аярлуу катмары жашаган жаңы конуштардын, райондордун жашоочулары арасында тестирлөө маселесин иштеп чыгуу тапшырылды.


Жергиликтүү бийлик органдарына Новосибирсктен келген жарандар үй карантинине жайгаштырылган болсо, алардын жашоо шарттары менен дыкат таанышып чыгуу милдеттендирилди. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн