Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 14:34
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Коронавируска чалдыккан Тазабек Икрамов: Оор күндөр артта калды

30.06.2020 11:53
1129
Коронавируска чалдыккан Тазабек Икрамов: Оор күндөр артта калды



Коронавируска кабылган Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов өзүнүн Фейсбуктагы баракчасы аркылуу кайрылуу жасады.

 

Анын айтымында, бул илдеттен кутулуунун бир гана жолу - жеке жарандардын жоопкерчилигинде. “Тилекке каршы, мен да бул илдетке кабылдым. Үй шартында өзүмдү өзүм жалгыз кармап, үй-бүлөм, жакындарым менен катнашты кан буугандай токтоттум. Санитардык абалды так сактадым, позитивде болдум. Даарыгерлер айткан көрсөтмөлөрдү так аткардым. Кудайга шугур, оор күндөр артта калды. Демек, биз бул илдеттен кутулуунун бир гана жолу бул жеке жарандардын жоопкерчилиги экенин жон терим менен сездим”, - деди Тазабек Икрамов.


Депутат белгилегендей, медицина кызматкерлери өтө оор кырдаалды башынан кечирип жатат. Өлкөдө илдетке кабылгандардын саны көбөйдү. Мындай кырдаалдан чыгуунун бир гана жолу калды. Ал ар бир жаран жоопкерчилик менен бул илдеттин алдын алууга салым кошуусу.

 

Азыр биз баарыбыз жумушубуз жок болсо көчөгө басканды токтотуп, эгер зарыл ишибиз болсо медициналык маска тагынып, колубузду антисептик менен улам-улам тазалап, адамдар менен жакындан баарлашуудан качышыбыз керек. Кайталайм, бул илдетти азыр биздин медицина ооздуктай албайт", - деп кайрылды эл өкүлү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн