Коронавируска чалдыккан биринчи вице-премьер-министр, Республикалык
штабдын жетекчиси
Алмазбек Баатырбеков ишке чыкты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, биринчи
вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков коронавирус илдетинен айыгып,
15-июлдан тартып ишине киришти.
“Алмазбек
Баатырбеков COVID-19га чалдыккан жана сол өпкөсү сезгенген. Биринчи
вице-премьер-министр дарылоо курсунан өтүп, сакайды. Ал кайрадан тапшырган
анализдин жыйынытыгы таза деп чыккан”, - деп айтылат маалыматта.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн