Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 20:31
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Коронавируска чалдыккан министр Бейшеналиевдин абалы айтылды

27.06.2021 12:49
1031
Коронавируска чалдыккан министр Бейшеналиевдин абалы айтылды


COVID-19 жуктуруп алган саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиевдин абалы канааттандырарлык, ал үй карантининде жатып дарылануусун улантууда. Бул тууралуу ведомстводон кабарлашты.

Маалыматка караганда, ал онлайн-форматта саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилери менен жыйындарды өткөрүп, эпидемиологиялык абал боюнча координаторлор менен байланышта.

"Май айынан бери вирус кайрадан күч ала баштаганы белгилүү. Ошондон бери министр аймактарга барып, эл менен жолугуп, "кызыл" зоналарга кирип жүргөн. Бейшеналиевдин өзүнүн айтымында, өнөкөт оорулары бар экенине карабай, вакцинанын жардамы менен COVID-19ду жеңил көтөрүүдө", — деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.


Эске салсак, Алымкадыр Бейшеналиев коронавируска каршы вакцина алганына карабай, коронавирус жугузуп алган. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн