Бугу 12, 2024
Убакыт: 01:14
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Коронавируска чалдыккан саясатчылар жана алардын жакындары кимдер? (сүрөт)

17.06.2020 15:41
1239
Коронавируска чалдыккан саясатчылар жана алардын жакындары кимдер? (сүрөт)


Улуу Британиянын премьер-министр Борис Жонсон коронавирусту жеңип, учурда ишин улантууда. Буга чейин ал жөтөлүп, дене табы көтөрүлүп, андан оорунун жеңил симптомдору байкалганын, ошол себептүү өзүнүн резиденциясында бөлүнүп иштеп, видео байланыш менен өкмөттү башкарууну улантып жаткандыгын кабарлаган. 55 жаштагы Жонсондун абалы оорлогондо аны  Лондондогу Сент-Томас ооруканасынын реанимация жана интенсивдүү терапия бөлүмүнө жаткырышкан. Эки жумадан ашык дарылануудан кийин Жонсон ооруканадан чыгарылган. Учурда ал жумушуна кайтып келип, ишин улантууда. 



Канаданын премьер-министри Жастин Трюдонун жубайы Софи Грегуар-Трюдо дагы коронавирус жугузуп алган. Софи Трюдо карантинге алынганын, бирок абалы жакшы экенин билдирген болчу. Канада өкмөтү премьер-министр Жастин Трюдодо илдеттин эч кандай белгиси жок экенин, ошентсе да ал 14 күндөй обсервацияда болорун белгилеген. Дарылануудан кийин кайрадан тест тапшырганда коронавирус аныкталбаганын жана айыкканын өзү социалдык тармактагы баракчасында маалымдаган. 



Британиялык тактынын мураскери ханзаада Чарльз дагы коронавируска чалдыккан. Анын жубайы Камилла - Корноул герцогинясы дагы текшерилип, бирок андан вирус чыккан эмес. Экөө элден обочолонуп, Шотландиядагы сепилге кеткен. Ал бир нече күндүк дарылануудан кийин анын ден соолугу жакшырганын маалымдашкан. 




Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин жубайы Елена Зеленскаядан  коронавирус инфекциясы аныкталып, ал  ооруканага жаткырылган. Учурда абалы туруктуу. Ал эми Зеленский менен балдарынан вирус тастыкталган жок. Зеленскаядан июнь айынын башында анализ алынып, бирок илдет тастыкталган эмес. Азырынча ооруну кайсы жерден жана кантип жуктурганы белгисиз, учурда эпидемиологиялык изилдөө жүрүүдө.



Россиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин апрель айынын аягында коронавирус жуктуруп алганы белгилүү болгон. Бирок оорусу өтө күчөбөгөндүктөн, онлайн форматында жыйын куруп, жүрүп жаткан иштерден кабар алып турган. Андан кийин Михаил Мишустин COVID-19дан сакайып, ишке киришкени маалымдалган. 


Россиянын жогорку кызмат адамдарынын арасынан президент Владимир Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков дагы коронавирус жуктуруп алганы айтылган. 



Казакстандын саламаттык сактоо министри Елжан Биртановго коронавирус жугуп ооруканага жатты. Бул боюнча министр Фейсбук баракчасына жазып: "Достор, тилекке каршы коронавируска тапшырган акыркы тестим оң натыйжа көрсөттү. Ошондуктан инфекциялык ооруканага жаттым" деген. 




Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн