Бугу 16, 2024
Убакыт: 18:16
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Коронавируска кабылган 3 адам менен учакта чогу келгендердин баары обсервацияга алынып, анализ тапшырды

18.03.2020 16:29
858
Коронавируска кабылган 3 адам менен учакта чогу келгендердин баары обсервацияга алынып, анализ тапшырды


Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алган 3 жаран менен чогуу келген адамдардын барынан анализ алынды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Төлө Исаков бүгүн, 18-мартта маалымат жыйында билдирди.


Анын айтымында, коронавирус табылган адамдар менен бирге учакта 135 адам болгон. Алардын бары такталып, бардыгынан тең анализ алынды.


Министрдин орун басары анализдин жыйынтыктары качан чыгарыла турганын айткан жок. 


Азырынча бул адамдардын баары абсервацияда жатат. 


Ошондой эле, ал бүгүнкү күндө абсервацияда кармалгандардын көбү "Манас" аэропорту аркылуу учуп келгенин, учурда алар  Бишкек жана Ош шаарларында обсервацияда экенин айтты.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн