Коронавируска кабылган Баткендин тургуну сакайып, үйүнө чыкты. Бул тууралуу Баткен облусунун тургуну Кайрат Жапаров фейсбук баракчасына жазып чыкты.
"Коронавирус илдетин жуктурган Баткенден катталган бир жараныбыз сакайып чыкты. Аны менен чогу Умрадан келген алты жарандын да анализи таза чыкты", - деп Кайрат Жапаров фейсбук баракчасына жазган.
Эскерте кетсек, буга чейин өлкөдө 5 жаран коронавирустан сакайган. Эми бул маалыматты да тийиштүү органдар расмий тастыктаса, алардын саны жалпы алты болот.
Пикирлер (1)