Кыргызстанда коронавируска кабылган алты адам реанимацияда жатат. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министрлигинин ыкчам штабынын жетекчисинин орун басары Касымбек Мамбетов брифинг учурунда билдирди.
Анын айтымында, Ош шаардык ооруканада жаткан 45 жаштагы эркек кишинин абалы өтө оор, 1-апрелден тарта жасалма дем алдыруучу аппаратка кошулган. Ал эми 60 жаштагы дагы бир аял оор абалда жатат, эки күн мурда инсульт алган, ал да жасалма дем алдыруу аппаратына кошулган. Ошондой эле Жалал-Абад шаарында 33 жаштагы жигиттин абалы орточо экени кабарланып, бүгүн палатага которулары айтылды. Нарын шаарындагы 60 жаштагы аялдын болсо абалы оор, жасалма дем алдырууга муктаж болуп жатканы маалым болду.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн