COVID-19 лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жарандардын саны – 21 145 адамды түздү. Бул тууралуу республикалык штаб 1-июлда маалымдады.
Маалыматка караганда, акыркы сутка ичинде 3 281 изилдөө жүргүзүлүп, 439 учур аныкталган. Байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал.
1-июлга карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 439 учуру катталды. Муну менен республика боюнча жалпы 5735 учур болду. Каза болгондордун жалпы саны - 62.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн