Коронавирус илдетине кабылган адамдардын бешөөсү жандандыруу бөлүмдөрүндө жатат. Бул тууралуу коронавируска каршы республикалык штаб кабарлады.
Маалыматка ылайык, учурда беш киши реанимацияда жатат. Алардын ичинен жасалма дем алдыруу аппаратына кошулган экөөсү оор акыбалда. Жандандыруу бөлүмүндө жаткандардын экөөсү Ноокаттын, экөөсү Ош шаарынын, бир адам Жалал-Абаддын тургуну.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн