Бугу 08, 2024
Убакыт: 19:10
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Коронавируска каршы эмдөөдөн өтпөгөндөргө айып салынат

18.12.2020 12:22
594
Коронавируска каршы эмдөөдөн өтпөгөндөргө  айып салынат

Бразилиянын Жогорку Соту бийликке калкты жаңы коронавируска каршы эмдөөгө "кыйыр түрдө мажбурлоого" уруксат берди, эгерде тиешелүү мыйзамдар кабыл алынып калса, ар кандай деңгээлдеги бийликтер эмдөөдөн баш тартканы үчүн жарандарга чектөө киргизе алышат, деп билдирет жергиликтүү Folha гезити.


Калкты милдеттүү түрдө эмдөө маселесин кароодо судья Рикардо Левандовскини колдоп, ал "кыйыр түрдө" ишке ашырылышы мүмкүн деп, мисал катары айрым жерлерге барууга же белгилүү бир иш-аракеттер менен алектенүүгө тыюу салгандыгын айтты.


 Ошол эле учурда соттор вакцинация үчүн адамдын макулдугу керек экендигин белгилешти. Адамдарды мажбурлап эмдөө боюнча кандай гана чечим болбосун, тактап айтканда, алардын ачык макулдугусуз, бул конституцияны одоно бузгандык болот.


Өлкөнүн өкмөтү улуттук санитардык көзөмөлдөөчү орган Anvisa тарабынан бекитилген вакциналарды колдонуп, 2021-жылы өлкөнүн бүт калкын коронавируска каршы эмдөөнү пландаштырууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн