Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 00:13
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

Коронавируска каршы эмдөөдөн өтүш керекпи? Коомдук ишмерлер жооп берет (фото)

26.03.2021 18:26
2517
Коронавируска каршы эмдөөдөн өтүш керекпи? Коомдук ишмерлер жооп берет (фото)


Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги 29-марттан тартып өлкө боюнча коронавирус инфекциясына каршы жалпы эмдөө жүргүзүлөөрүн билдирди. Эл арасында алдын ала эмдөө боюнча күмөн санаган ар түрдүү пикирлер бар. Ошол эле маалда башка өлкөлөр сыяктуу эле Кыргызстанда дагы вакцинация жүрүшү керек, болбосо вирустун жаңы толкуну кайра курчуп баратканда улуттун саламаттыгына коркунуч жаралат, дегендер да арбын. Буга байланыштуу “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттиги ушул маселе боюнча белгилүү коомдук ишмерлердин пикирин билүүгө кызыкты.


КР Эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси Саламат Садыкова: - Адамзаттын баштан кечирип жаткан үрөй учурган бул апааттан, өкүнүчтүүсү биздин элибизди кыйгап өткөн жок. Тажаал таажынын оор салдарынан өмүр менен өлүмдүн каш кабактын ортосунда экендигин саат сайын эске салган кандай оор кайгылуу күндөрдү биздин элибиз баштан кечирдик. Бүгүнкү күндөрү да бул оор илдеттин залакасынан сактануунун эрежелерин эске салып жаткан дарыгерлерибиздин эмгеги баа жеткис алкышка татыктуу экенин айткым келет. Биздин кыргыз медицинасында күчтүү дарыгерлердин бар экени менен сыймыктансак болот. Ал эми дүйнө элинин, анын ичинде бүгүнкү күнү биздин аз элибизди түркүн ойго салган адистер гана туура жообун изилдеп тактай турган сурооңуздарга, мен бир жактуу ой айтуудан алысмын. Саламаттыкты сактоо тармагындагы кесипкөй күчтүү дарыгерлерден биздин мамлекетибиздин уучу кур эместигине таяна олтуруп, ар бир жарандын, ар бир мекендешимдин амандыгын тилеп, узак бакубат өмүр сүрүүсүнө тилек гана кошомун. Жалпы ооруу-сыркоолордон, башыбызга түшкөн бул апаат сыноолордон төрт көзүбүз түгөл чыгып кетсек экен.

Төкмө акын Азамат Болгонбаев: - Эмдөө баштала турганы боюнча маалыматым бар, бирок анализ кылып деле көргөн эмесмин. Жалпы улуттун саламаттыгы үчүн эмдөөдөн өтүш керек, элдин кызыкчылыгы жана келечеги үчүн бул нерсе керек десе, албетте ага каршы болбойбуз деп ойлойм. Тийиштүү органдар – Саламаттык сактоо министрлиги элге зыяны жок, татыктуу вакцина камсыздап берүүгө кепилдик берип, элди ишендирсе жеке мен эмдөөдөн баш тартпайм.


Жогорку Кеңештин депутаты Айнура Аскарова: - Вакцинация боюнча профессионалдар, тактап айтканда кесипкөй медиктер, эксперттер, вирусологдордун көз карашы маанилүү. Канчалык пайдалуу же зыяндуу, артыкчылык-кемчиликтерин кесипкөйлөр коомчулукка жарыялап чыгышса максаттуу болмок. Биздин көз караш дагы ошого жараша айтылганы туура болот го дейм. Ал эми жеке мен эмдөөгө бара турганым боюнча чечим чыгара элекмин. Жогорудагы критерийлерге жараша болот.


Кинорежиссёр Эрнест Абдыжапаров: - Башка өлкөлөр сыяктуу эле Кыргызстанда дагы эмдөө сөзсүз жүргүзүлүшү керек. Бул оору тамаша эмес экенин баарыбыз тең көрдүк. Мында эч кандай маселе жок. Эмдөө боюнча каршы көз караштагы адамдарыбызга кесипкөй адистер далилдер, изилдөөлөр менен түшүндүрүп, натыйжаларына ынандырышы керек. Бир мамлекетте жашап, тагдырыбыз бир болгондон кийин кесипкөйлөрүбүзгө ишенебиз да.


Коомдук, саясий ишмер Эмилбек Каптагаев: - Ар кимдин өз ыктыяры менен жүргөнү жакшы го... Бирок министр мырзанын "ооруп айыккан кишиге саюуга болбойт, реакция жүрүп кетиши мүмкүн", - деген сөзүнөн кийин ыктыярчылар деле болбойт го деп ойлойм. Былтыр элдин баары эле ооруду да.


Акын, Жазуучулар союзунун мүчөсү Нурлан Калыбеков: - Коронавирусту кытайлар ойлоп чыгарды, кайра ооруга каршы дарыны да кытайлар табышты дешет. Андыктан так айта албайм. Айтор учуру келгенде көрөбүз го. Жеке мен эмдөөгө барамбы же барбаймбы, аны убакыт көрсөтөт. Бирок вакцинага ишенбей коюуга да мүмкүн эмес. Себеби, өткөн жылы бир тааныш адам - атын айтпай эле коёюн белгилүү эле инсан бул илдет менен ооруган. Өзүнүн жакындары аркылуу ал 1000 долларга Кытайдан вируска каршы вакцина алдырып дарыланып, айыгып кеткен. Кытайдан келеби же Россия, Америкадан келеби, эгер чындап эле пайдасы боло турган вакцина болсо эмнеге эмдөө жүрбөшү керек? Эми албетте, бул ыктыярдуу болгондуктан ар ким өзү кааласа барат, каалабаса барбайт. Бул адамдардын жеке граждандык укугу.  

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн