Бугу 20, 2024
Убакыт: 07:42
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Коронавируска каршы күрөшүү боюнча атайын эсепке 50 млн сом чогулду

31.03.2020 09:29
808
Коронавируска каршы күрөшүү боюнча атайын эсепке 50 млн сом чогулду

Коронавирустун жайылышын алдын алуу үчүн ачылган атайын эсепке 50 млн сомдон ашык акча чогулду. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев азыркы кырдаалдын экономикалык жана социалдык туруктуулукка тийгизген терс таасирин төмөндөтүү боюнча бекитилген пландардын жыйынтыгы тууралуу кеңешмеде.

Өзгөчө абал маалында биз баарынан мурда инфекция менен максималдуу түрдө күрөшүү керектигин ойлонушубуз зарыл. Биздин максат - инфекциянын жаңы чыккан учурун алдын алуу жана жарандар арасында жол бербөө. Мен жарандарды өзгөчө абал киргизилген шаарлардын жана облустардын коменданттарынын иши менен көрсөтмөлөрүнө түшүнүү менен мамиле кылууга чакырам. Мамлекет өз кезегинде эч ким көңүл буруусуз жана камкордуусуз калбаш үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү жасап жатат. Жалпы коркунуч алдында бүгүнкү күндө элдин, бизнестин жана мамлекеттин болуп көрбөгөндөй биримдигин сезип жатабыз”, - деди премьер.

Көпчүлүк ишкерлер жана жөнөкөй жарандар калктын социалдык жактан аярлуу катмарына ар тараптан көмөк көрсөтүүдө. Өкмөт жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары  жардам көрсөтүү боюнча так жана уюшкандыктагы иштерди камсыз кылат.

Коронавирустун жайылышын алдын алуу үчүн ачылган атайын эсепке бир нече күндүн ичинде 50 млн сомдон ашык акча чогулду. Вируска каршы күрөшүүгө жумшалган ар бир сом үчүн отчёт беребиз», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн