Коронавируска каршы күрөшүү үчүн мамлекеттин күчү жетет. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында айтты.
Боронов эл негиздүү себептерсиз ары-бери жүрүүнү токтотуусу керектигин айтты.
“Өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал режимдери киргизилген аймактарда калк көчөлөрдө ээн-эркин жүрүүнү улантышууда. Бул инфекциянын жайылышын шарттаган көйгөйлүү маселелердин бири. Бардык чектөөлөрдү аткаруу кажет. Биз баштагыдай эркин сүйлөшүп, ар түрдүү жерлерге каалагандай барып жүрө албайбыз. Учурда социалдык изоляция жана үй карантини маанилүү. Калктын аярлуу катмарларынын абалы да олуттуу маселе болуп саналат. Нанды күнүмдүк эмгеги менен иштеп тапкан жарандар бүгүнкү күнү үйдө отурууга мажбур, азык-түлүгү түгөнүүдө. Мындай категориядагы жарандар үчүн социалдык жардам көрсөтүлөт, ун берилет. Өкмөттүн антикризистик планы иштелип чыкты. Медицина кызматкерлери зарыл болгон бардык нерселер, кошумча төлөмдөр, унаа, уруксат, тамак-аш, атайын коргоочу кийимдер жана жеке коргонуучу каражаттар менен камсыздалат. Дары-дармектер, тест системалар бар”, - деген Кубатбек Боронов.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн