Бугу 17, 2024
Убакыт: 10:27
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Коронавируска каршы турууда өткөн жылкы шалаакылык дагы кайталанабы?

30.06.2021 12:32
1234
Коронавируска каршы турууда өткөн жылкы шалаакылык дагы кайталанабы?


Эксперттер алдын-ала божомолдогондой эле коронавирус илдети июль айы жакындаган сайын күн санап күч ала баштады. Кече 29-июнда коронавирустун 1092 жаңы учуру катталып, 10 киши каза болсо, 30-июнда 1965 жаңы учур катталып, 8 адам каза болгону маалымдалды. Бүгүнкү күндө стационарларда бул илдеттен 3389 адам, амбулатордук түрдө 8454 адам дарыланып жатканы да айтылды.


Буга чейин көз карандысыз эксперттердин тобу июль айынын башынан тарта вирусту жуктуруп алгандардын саны 1380ден 1571ге чейин жетиши мүмкүн экенин белгилешкен. Кыязы, алар дагы оптимисттик сценарийдин негизинде ушул цифраларды айтышса керек. Минтип июль айы эми гана босогого келгенде коронавирусту жаңы жуктуруп алгандардын саны бир күндө 2000ди чамалап барып калды. Ал эми бул илдеттен каза болгондор күнүнө орточо 7-8 адамды түзүүдө.


Ачыгын айтканда, калк ичинде өткөн жылдагыдай күчтүү болбосо да, байкалаарлык корккондуктан дүрбөлөң түшүү башталды. Бир жагынан кымбатчылык, экинчи жагынан кургакчылык кысып кыйналып турган элге коронавирустун күчөй башташы да өзгөчө кооптондуруп койду. Интернеттеги социалдык түйүндөрдө ооруканаларда орундар толуп калганын да айткандар бар. Анын үстүнө вакцина алгандар да илдетти жуктуруп алышканы тууралуу айтылган маалыматтар чыгууда.


Ырас, жакшы тилек, жарым ырыс. Өткөн жылдагыдай «кара июль» кайталанбасын деп баарыбыз тилек кылалы. Бирок, тилек кылып эле отура берүүгө болбойт. Министрлер кабинети, республикалык штаб коронавирус жуктуруп алгандарды дарыялоодогу натыйжалуулуктар тууралуу, дары-дармектердин, керектүү жабдуулардын канчалык деңгээлде жетиштүү экендигин, медицина кызматкерлеринин даярдыгын элге кеңири жете тургандай түшүндүрүп тургандары оң. Ооруканаларда орундардын тартыш болуп калбай турганына элди ынандыра тургандай иштерди жасоолору зарыл. Өткөн жылдан алган тажрыйба эми сабак болушу керек.


Даркыналардагы дары-дармектердин бааларын катуу көзөмөлгө алуу да учурдун талабы. Адам өмүрүнө байланыштуу илдеттен 3-4 эсе көбүрөөк киреше таап калалы деген аракеттерди алдын-алуу зарыл. Сырттан келген жардамдар да катуу көзөмөл менен өз максатына жете тургандай пайдаланылышы маанилүү. Ооруканага жатып калган оорулууларга медициналык жардам өз убагында берилип жатабы, же каралбай калып жатабы деген суроого да жоопту өз убагында айтып туруу керек. Себеби, эл арасында өткөн жылы айрым оорулуулар жетиштүү медициналык жардам ала албай калышканы айтылып келет.


Ар кандай оор күндөрдүн артында сөзсүз кубанычтуу күндөр келет. Бул дүйнөнү каптаган пандемиядан да кутулуп, бет кап тагынып, бири-бирибизден обочолонуп калган күндөр да артта калат. Болгону ошол кубанычтуу күндөргө жетүү үчүн жалпыбыздын биримдигибиз, бири-бирибизге жасаган камкор мамилебиз керек болуп турат. Элибиз эчендеген кыйын кезеңдерде бири-бирине кол сунуп, колунан келген жардамын аябаган айкөлдүгү менен айырмаланган эл. Муну биз өткөн жылдагы пандемиянын күч алып турган маалында да көрсөтө алдык. Илдет жалпыбыздын башыбызга келген оорчулук, демек аны биргеликте гана жеңе алабыз. Ал эми министрлер кабинети, республикалык штаб статистиканы гана айтып отура бербестен, эл дүрбөлөңгө түшүп калбай тургандай камкордуктарды жасап, өздөрүнүн кызматтык милдеттерин так аткаруулары зарыл.


Канатбек Аскаров

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн