Бугу 21, 2024
Убакыт: 00:25
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Коронавируска каршы вакцинаны 70 өлкөдө ойлоп табууга аракет кылууда

08.04.2020 08:56
999
Коронавируска каршы вакцинаны 70 өлкөдө ойлоп табууга аракет кылууда


Коронавируска каршы вакцина ойлоп табуу өтө тездик менен иштелип жатат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.


Маалыматка ылайык, дартка вакцинаны тез арада табуу үчүн изилдөөгө 70тен ашык өлкө киришкен. Ошондой эле жыйырмадай уюмдар жана мекемелер бул багытта иштеп жатат.


“Вирустук ген январь айынын башында түзүлүп, дүйнө жүзүнө таратылган, бул бизге тесттерди иштеп чыгып, вакцина боюнча изилдөө иштерин баштоого мүмкүндүк берди”, - деген ДССУнун директору Тедрос Адан Гебрейесус.


Анын айтуусуна караганда, жакында ДССУ вакциналарды ойлоп табууну тездетүү боюнча демилге жарыялап, баардык өлкөлөр дарыны алуу  үчүн, адилеттүү таралышын көзөмөлгө алары айтылат.


"Вакцина же дарылар даяр болсо, биз аны дүйнө жүзүнө таркатканга даяр болушубуз керек. Колунда барлар менен жакырлардын арасында эч кандай ажырым болбош керек”, - деген Гебрейесус.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн