Бугу 09, 2024
Убакыт: 07:10
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Коронавируска каршы вакцинанын таасири кандай болот?

26.03.2021 10:44
565
Коронавируска каршы вакцинанын таасири кандай болот?

Кыргызстанда коронавируска каршы жапырт эмдөө келаткан аптанын башында, 29-марттан тарта башталары айтылды. Алгачкылардан болуп вакцинаны Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев аларын да билдирген. Ошондой эле биринчилерден болуп Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда ооруканалардагы «кызыл зоналарда» жана «Тез жардамда» иштеген медиктер, мугалимдер жана күч органдарынын кызматкерлери эмделет. Эмдөө үчүн кытайлык SinoPharm компаниясы чыгарган вакцина колдонула турганы да белгилүү.


Албетте, буга чейин дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө коронавируска каршы эмдөө иштери жасалып баштап, дагы деле улантылууда. Бирок, бүгүнкү күнгө чейин эмдөөнүн адам баласынын саламаттыгына кандай таасир эте турганы тууралуу так маалымат жок. Эмдөө алган адам коронавируска чалдыкпайт деген да кепилдик жок.


Ошондон улам бул вакцинаны алуудан чоочулап турган адамдарды туура түшүнүү керек. Албетте, эмдөө ар бир адамдын өз каалоосу менен жасала турганы да айтылып келет. Бирок, өз каалооң да мажбурланган абалга келиши мүмкүн экенин жашыра албайсың. Мисалы, ооруканаларда «кызыл зоналарда» жана «Тез жардамда» иштеген кызматкерлер жана мугалимдердин ичинен вакцина алууну каалабагандар чыкса, анда аларга «Андай болсо ооруканада, же мектепте иштей албайсыз» деген талап коюлушу мүмкүн. Албетте, мындай талап кагаз жүзүндө болбойт, оозеки айтыла турганына бөркүбүздөй эле ишене берсек болот. Анан жумушун жоготуп алуу коркунучунан улам медиктер жана мугалимдер «өз каалоолору» менен эмдөө алууга аргасыз болушат.


Баарынан дагы ошол жапырт эмдөө жасалгандан кийинки калктын саламаттыгы кандай болушу мүмкүн экени кызык. Саламаттыкты сактоо министрлиги эмдөө башталганга чейин, адегенде коомчулукка кеңири маалымат берип койсо туура болмок. Мисалы, эмдөөдөн кийин адам кандай абалда болот, алсырашы мүмкүнбү? Вакцинанын таасири канча убакытка чейин жетет? Анын адамдын организмине кандай терс таасирлери бар? Балким, айрым өнөкөт оорусу барларга эмдөө кооптуу эмеспи? Эмдөөдөн кийин адамдын саламаттыгы начарлап, катуу кыйналса кандай жардам кылыш керек жана ким жооп берет?


Азыр чындыгында эле чоочулоо арбын. Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов да абдан туура айтты. «Вакцинаны адегенде премьер-министр өзү, саламаттыкты сактоо министри жана депутаттар алышы керек», - деди ал. Элдин күткөнү да ошол. Адегенде өкмөт башчысы өзү коронавируска каршы эмдөөнү алып, анын коопсуз экенине коомчулукту ынандырышы зарыл. Ошондон кийин гана элде да ишеним пайда болот. Болбосо, вакцина тууралуу жетишээрлик ишенимдүү айтылып жаткан түрдүү божомолдор үстөмдүк кылып жатканын кантип танабыз?


Сагынбек Сатыкеев


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн