Бугу 18, 2024
Убакыт: 16:41
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Коронавируска каршы жаңы дарыны колдонгондор тездик менен айыгууда

19.03.2020 14:04
3915
Коронавируска каршы жаңы дарыны колдонгондор тездик менен айыгууда


Covid-19 илдетине каршы Японияда жасалган гриппти дарылоочу “Favipiravir” дарысы таасирдүү болууда. Мындай маалыматты Кытай бийлигинин өкүлдөрү жалпыга маалымдоо каражаттарына билдиришкен. 


“Fujifilm Toyama Chemical” ишканасы чыгарган Favipiravir грипптин түрлөрүнө пайдаланылат. Ал буга чейин 340 кишини дарылоого колдонулган.


Кытайдын Илим жана технология министри Шанг Синмин Ухань жана Шензен шаарларында 340 адамга Favipiravir дарысынын Корнавируска таасирин билүү үчүн клиникалык сыноолорду өткөрүп, үмүт бере турган жыйынтыктар чыкканын билдирген.


Бейшембиде дары тууралуу маалымат жыйынын өткөргөн министр Favipiravir дарысы таасирдүү болгонун кошумчалады.


Тестте аталган препаратты колдонгон бейтаптардан 4 күндөн кийин жакшы жыйынтыктар байкалган.


Рентгендерде Favipiravir ичкен бейтаптардын өпкөлөрү 91 пайызга жакшырган.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн