Бугу 21, 2024
Убакыт: 02:56
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Коронавируска шектелип дарыланып жаткандардын инкубациялык мезгили бүтөт. Мындан улам посттор көбөйөт

03.04.2020 13:18
864
Коронавируска шектелип дарыланып жаткандардын инкубациялык мезгили бүтөт. Мындан улам посттор көбөйөт


Жакынкы эки күндө оорулуулар менен байланышта болгон адамдардын инкубациялык мезгили аяктагандыктан, Бишкек шаарынын кошумча тилкелеринде кыймыл чектөөгө алынат. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан билдирди.


Маалыматка ылайык, карантиндик аймак кеӊейип, кыймылды чектөө жана адамдардын, унаалардын топтолушун болтурбоо үчүн базарлардын жана супермаркеттердин жанында санитардык-карантиндик посттор коюларын билдиришти.


Эскерте кетсек, өтө зарыл болгондо гана дарыканага жана азык-түлүк алып келгенге чыкса болот. Жаныӊызда паспорт жана маршруттук баракчаӊызды алып жүрүнү, ошондой эле беткап тагынып, колдорду антисептик менен тазалап туруга чакырат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн