Бугу 17, 2024
Убакыт: 18:33
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Адамдардан коронавируска анализ алуу иштери тынымсыз жүрүүдө

01.05.2020 10:25
1023
Адамдардан коронавируска анализ алуу иштери тынымсыз жүрүүдө


Коронавируска шектүү кишилерди аныктоо, алардан анализдерди алуу иштери тынымсыз жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу Мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин директору Абдыкадыр Жороев онлайн брифингде билдирди.


Анын айтымында, анализ алуу боюнча лабораториялык мобилдик топтордо 30дан ашык медициналык кызматкер иштеп жатат.


Учурда 45 миң изилдөөгө жетиштүү тест-системалар бар. Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан дагы алып келүү, запасын камсыздоо иштери жүрүп жатат. Жакында Кытайдан дагы 10 миң ПЦР-тест алынып келди”, - деди ал.  


А.Жороев кошумчалагандай, Белоруссиядан 100 миң тест-система, Түркиядан 60 миң тест система келиши күтүлүп жатат. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн