Өткөн сутка
ичинде 2 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду. Бул тууралуу 5-июндагы
брифингде саламаттыкты
сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
“Дарттан Бишкек шаарындагы Улуттук фтизиатрия борборунда 82 жаштагы аял киши каза болду. Ал жандандыруу бөлүмүндө жаткан. Анын кант диабети, гипертониялык оорусу жана жүрөк дарты бар экен. Ал дартты “Автомаш-Радиатор” ишканасында иштеген кызынан жуктурган экен, дартты көтөрө алган жок. Ошондой эле Ош облустук бириктирилген ооруканасынан 34 жаштагы аял COVID-19дан каза болду. Анында өнөкөт оорулары бар болчу”, - деди Үсөнбаев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн