Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 22:19
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Коронавирустан 73 жаштагы бейтап каза болду

18.06.2020 10:14
1049
Коронавирустан 73 жаштагы бейтап каза болду


Өткөн сутка ичинде 1 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 18-июндагы брифингде билдирди.


Анын айтымында, бейтапты ооруканага кеч алып келип калган.


“Өткөн суткада Алай аймактык ооруканасынан 73 жаштагы эркек киши каза болду. Ал ооруканага оор абалда, дем алуусу начарлап келген. Болгон шарттар менен дарылап, жандандыруу бөлүмүнө жаткырганга карабай коронавирустан каза болуп калды. Анда эки тараптуу пневмония болгон, өпкөнүн сезгениши күчөп кеткен жана дем алуусуда оорлошуп кеткен”, - деди Үсөнбаев.


Муну менен коронавирустан каза болгондордун жалпы саны 31 бейтапка жетти.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн