Аяк оона 22, 2024
Убакыт: 09:28
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Баткен шаардык күзөт бөлүмүнүн башчысы коронавирустан каза болду

14.07.2020 13:47
1097
Баткен шаардык күзөт бөлүмүнүн башчысы коронавирустан каза болду

 

Баткен шаардык күзөт бөлүмүнүн башчысы каза болду. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдирди.


Маалыматка ылайык, 13-июлда Ички иштер министрлигинин күзөт кызматынын түштүк башкармалыгынын Баткен шаардык күзөт бөлүмчөсүнүн башчысы, милициянын капитаны Хасан Абдуллаев кооптуу илдеттен улам каза тапты.


"Хасан Абдуллаев 49 жашта болчу. Ал өмүр бою ички иштер кызматында эмгектенип, өмүрүн өлкөбүздүн коопсуздугуна арнады. Жалпы элибиздин, мамлекетибиздин башына келген оор кырдаалда тыным албай, күн-түн эмгектенди. Өлкөдөгү акыркы эпидемиологиялык кырдаалда, жарандарыбыздын коопсуздугу үчүн, ички тартипти сактоого зор салым кошту. Кызматтык милдеттерин чоң жоопкерчилик менен аткарды. Тилекке каршы бул коптуу илдетке кабылып, көрүлгөн аракеттерге карабай оо дүйнө салды. Өкүнүчтүү, элибиз, чыныгы мекенчил, эл жер үчүн кызмат кылган, мыкты уулубуздан ажырадык. Хасан Шарипович, жаткан жериңиз жайлуу, топурагыңыз торко болсун”, - деп айтылат маалыматта.


“Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттиги маркумдун жакындарына тереӊ кайгыруу менен көӊүл айтат.



 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн