Аяк оона 22, 2024
Убакыт: 19:17
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Коронавирустан айыккан адам кайрадан ооруп калышы мүмкүнбү? Адистин пикири

24.07.2020 14:01
1185
Коронавирустан айыккан адам кайрадан ооруп калышы мүмкүнбү? Адистин пикири


Коронавируска карата сөзсүз түрдө иммунитет иштелип чыгат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы пульмонологу Талант Сооронбаев "Биринчи радионун" түз эфиринде билдирди. 


Анын айтымында, ага коронавирустан айыккан адам кайрадан Covid-19 инфекциясына чалдыгышы мүмкүнбү деген суроо көп берилүүдө. 


"Коронавируска каршы иммунитет пайда болот. Эгерде ооруп айыккан адам кайрадан вируска кабылса, анда ал инфекцияны салыштырмалуу жеңил көтөрөт. Оорудан айыккандар коркпошу керек. Бул эксперттердин пикири. Вирус мутацияланып кетсе дагы баары бир организм аны таанып, ага каршы антитела иштеп чыгат. Алар организмге коркунуч жаратпайт", - деди дарыгер. 


Пульмонолог кошумчалагандай, ооруп айыккан адам санитардык нормаларды унутпашы керек. Мындай санитардык тартип нормалдуу көрүнүш болуп калышы зарыл. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн