Башкы пульмонолог Талант Сооронбаев коронавирустан айыккан адамдарда кандай белгилер болорун айтып берди.
Өлкөнүн штаттан тышкаркы башкы пульмонологу Т.Сооронбаевдин айтымында, оорудан айыккандардын жалпы кабыл алынган этаптары же калыбына келтирүү стадиялары жок.
Акыркы маалыматтарга ылайык, төмөнкү баскычтар бөлүнөт:
Курч COVID-19: оорунун белгилери оору башталгандан 4 жумага чейин билинет;
Улануучу симптоматикалык COVID-19: оорунун белгилери башталгандан 4-12 жумадан кийин билинет.
«Тобокел тобуна көбүнчө 65 жаштан жогору, өнөкөт коштоочу оорулары, катуу оорулары, катуу пневмония жана өпкөнүн көп жабыркашы, тамеки чегүү бар адамдар кирет. Постковиддик синдромдун жана татаалдашуунун симптомдору оңой өткөн жана амбулатордук негизде дарыланган бейтаптарда да пайда болушу мүмкүн экенин эстен чыгарбоо керек", - деп билдирди Талант Сооронбаев.
Ал айыккандан кийин мүнөздүү жана тез -тез болуп турган төмөнкү симптомдорду белгиледи:
Чарчоо жана алсыздык;
Демдин кыстыгуусу, дем алуунун жетишсиздиги;
Көкүрөк оорусу жана / же ооруган жердиги ыңгайсыздык;
Жөтөл;
Жыт жана даамдын өзгөрүшү;
Неврологиялык оорулар;
Нейрокогнитивдүү симптомдор;
Психикалык оорулар.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн