Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 05:29
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Коронавирустан сакайган алгачкы адам: "Балдарым үчүн корктум, ооруну сезген жокмун"

01.04.2020 12:03
898
Коронавирустан сакайган алгачкы адам: "Балдарым үчүн корктум, ооруну сезген жокмун"


Кыргызстанда коронавирус илдети алгач Жалал-Абад облусунун Сузак районунун жашоочуларынан табылган. Анда үч тургундун анализинен илдет чыккан. Алардын баары 13-мартта Сауд Аравиясынан келишкен.


Бүгүнкү күнү ал аймакта инфекцияны жуктурган адамдардын саны 51 адамга жетти. Жакында эле ал аймактан үч адам илдетти жеңип, ооруканадан чыкты. Алардын бири Хурсант Халилов дүйнөлүк пандемияны кантип башынан өткөргөнүн айтып берди. 


Апамы ыйык жайга алып баргам


Хурсант Халилов умрага 75 жаштагы апасы менен 23-февралда барган. Апасына ыйык жайды көрсөтүүнү каалаган. Алардын Сауд Аравиясына болгон сапары 10 күнгө белгиленген, бирок учак жок болгонуна байланыштуу дагы бир жумага созулуп кеткен. Кыргызстандан кичи ажыга барган 3 топ менен бирге кайтышкан.


“Биз кетип жатканда коронавирустун жайылып жатканын уккан эмеспиз. Сауд Аравиясында да тынч болду, кичи ажылыкты да эч кандай тоскоолдуксуз аткардык”, - деген Хурсант Халилов.


“Манас” аэропортуна 13-март күнү түндө келишкен. Санитардык-карантиндик посттон өткөн. Ал жерде аларды көпкө текшергенин айтат. Аэропорттон Жалал-Абадка таңга жуук такси менен кетишкен.


Хурсант Халилов кичи ажыдан келгенден кийин түлөө өткөрбөгөнүн, бирок айылдын аксакалдарын чакырганын, анда жүзгө жакын адам келгенин айтат.


Хурсант аэропорттогу дарыгерлер айткан үй карантиндин эрежелерин бузган эместигин билдирген.


“Мен эч жака чыккан жокмун. Бирок, мечиттеги аксакалдарды чакырганбы, колу-коңшулар апам менен учурашканы келген. Бизде түштүктө жакшы салт бар, келген коноктор үйгө кирерден алдын жана кетерде колдорун жууйт. Менин оюм боюнча ушул салт бизди сактады”, - деген Хурсант.   

 

Кийин дарыгерлер келди


Хурсант Халилов абалдын оор экенин алардын үйүнө дарыгерлер 16-мартта келгенде гана билген. Коңшу айылдагы умрадан келген адамдын ысытмасы көтөрүлгөнүн айткан. Алгач анын өзүн алып кетишкен, эртеси жубайында бейтапканага алып барышкан.


“Апам кичүү иним менен жашайт. Аны дагы ооруканга алып кетти. Менин төрт балам бар. Биз менен баламын үй-бүлөсү жашайт. Баарын текшерди. Эгер кимдир бирөөдөн белгилерди тапса, дароо бейтапканага жаткырып жатышты”, - деген Хурсант.


Үйбүлөсүндө Хурсанттан башка эч кимден вирус табылган эмес. Анын айтуусуна караганда 75 жаштагы апасы менен жубайынан дагы чыккан эмес.


“Ага карабай, алар дарыгерлердин көзөмөлүндө болду. Апамын тамагы ооруду, иммунитети алсыз болгону үчүн келиним менен небереми ооруканага жаткырды. Мага дартка чалдыкканымды айтканда, баарынан көбүрөк балдарым үчүн корктум. Бул илдетти кайсыл жерден жуктурганымы билбейм, балдарымын ооруганына себеп болгум келбеди”, - деген Хурсант.


Хурсант Халилов Жалал-Абад облусунун инфекциялык ооруканасында 14 күндүк дарылоодон өткөн. Умрага барып келген айылдашы менен бир палатада жаткан. Күнү-түнү дарыгерлердин көзөмөлүндө болушкан. Ал анча деле кыйналбаганын айтат.


“ЖМКларда бирөөлөр жандандыруу бөлүмүнө түшүп калды, абалы оор экен деп жазып жатат, бирок мен кимдир бирөөнүн жабыркаганын көргөн жокмун. Менин дене табым бир жолу көтөрүлдү, ал дагы кичине-кичине эле. Мен Бишкекте эле үшүп калганмын. Борбор калаага түшкөндө күн суук экен, ал эми, Төө-Ашуу өтмөгүндө кар жаап жаткан”, - деген Хурсант.


Хурсант Халилов ооруканадан чыккандан кийин үй-карантининде жатканын айтат, анын үстүнө алардын аймагына өзгөчө абал кирген.


Булак: 24.kg маалыматтык агенттигинен кыргызчага которулду. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн