Кыргызстанда кечээ, 15-апрелде коронавирус илдетинен сакайган 13 бейтап ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев онлайн бирифингде билдирди.
Алар: Ош шаарынан – 2, Бишкек шаарынан – 3, Нарын облусунан – 4, Ысык-Көл облусунан – 4 бейтап ооруканадан чыгарылды. Муну менен жалпысынан 91 бейтап оорудан сакайган.
Стационарда дарыланып жаткандар 370 адам. Оор абалда 11 жаран болсо, жандандыруу бөлүмүндө 4 адам жайгашты.
Ал эми каза
болгондор 5 адам.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн