Бугу 02, 2024
Убакыт: 14:35
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Коронавирустан бир суткада 11 бейтап каза болду

Коронавирустан бир суткада 11 бейтап каза болду


 17-июлга карата коронавирус дагы 1 миң 364 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.


Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында – 778, Ош шаарында – 33, Чүй облусунда – 205, Ош облусунда – 48, Талас облусунда – 24, Нарын облусунда – 24, Ысык-Көл облусунда – 51, Жалал-Абад облусунда – 85, Баткен облусунда – 116 адамдан илдет табылган.


"Ал эми бир суткада 1 миң 135 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында – 647, Ош шаарында – 106, Чүй облусунда – 155, Ош облусунда – 37, Талас облусунда – 19, Нарын облусунда – 4, Ысык-Көл облусунда – 11, Жалал-Абад облусунда – 61, Баткен облусунда – 95 бейтап айыгып чыкты", - деп айтылат маалыматта.


Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте 6, Нарын облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 1, Баткен облусунда 3 бейтап каза болгон.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн