Бүгүн, 26-апрелге карата 25 бейтап ооруканадан айыгып чыкты, деп билдирди Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев онлайн брифингде.
Анын айтымында, жаңы айыккандар:
Бишкек шаары – 10,
Ош шаары – 2,
Ош облусу - 1,
Жалал-Абад облусу –
6,
Нарын облусу – 6.
Бул жарандардын баары, стационардан чыгарылып, үйлөрүнө жиберилди.
Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 370 бейтап оорудан сакайды.
Н.Үсөнбаев белгилегендей, 5-апрелден тарта изилдөөгө келип түшкөн үлгүлөрдүн саны – 45 773, жүргүзүлгөн изилдөөлөр – 45 627, ал эми сутка ичинде жүргүзүлгөн изилдөөлөр – 1 871 түздү.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн