Кыргызстанда өткөн сутка ичинде 3 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев 27-июндагы брифингде билдирди.
Маалыматка караганда, Ош облустар аралык ооруканасынан – 1 (1969-жылы туулган аял), Жалал-Абад облустук ооруканадан – 1 (1944-жылы туулган), Аксы аймактык ооруканасынан – 1 (1946-жылы туулган эркек) адам каза болду.
Жалпы каза болгондордун саны республика боюнча 46 кишини түздү.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн