Өткөн сутка ичинде 5 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифингде билдирди.
Маалыматка ылайык, каза болгондордун баарынын өнөкөт оорулары болгон.
Каза болгондор:
1. Республикалык клиникалык ооруканасында – 2 (57 жаштагы эркек киши, 67
жаштагы эркек киши);
2. Нарын облустук бириктирилген ооруканасынан – 1 (60 жаштагы эркек киши);
3. Москва аймактык ооруканасынан – 1 (70 жаштагы эркек киши);
4. Кыргыз-Түрк достук ооруканасынан – 1 (72 жаштагы аял киши).
Жалпы каза болгондордун саны 62 кишини түздү.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн