Өткөн сутка ичинде 1 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев 23-июндагы брифингде билдирди.
“Кыргыз-түрк "Достук" ооруканасында коронавирус инфекциясынан 56 жаштагы аял киши каза болду. Ага көрсөтүлгөн жардамдарга карабай биологиялык жол менен каза болуп калды", - деди Каратаев.
Жалпы каза болгондордун саны 41 кишини түздү.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн