Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 20:01
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Коронавирустан дагы 10 бейтап көз жумду. Жалпы саны - 76

03.07.2020 10:14
1174
Коронавирустан дагы 10 бейтап көз жумду. Жалпы саны - 76


Өткөн сутка ичинде 10 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин Коомдук саламаттык башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.


Маалыматка ылайык, каза болгон жарандарда коронавирустан сырткары, өзүлөрүнүн да өнөкөт оорулары болгон.

 

Каза болгондор:


Кыргыз-Түрк достук ооруканасынан – 1 (аял, 58 жашта);
Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасынан - 1 (эркек, 54 жашта);
Ноокат аймактык ооруканасынан – 1 (59 жаштагы аял киши, медкызматкер);
Ош шаарынын клиникалык ооруканасынан - 1 (аял, 33 жашта);
Кызыл-Кыя аймактык ооруканасынан – 1 (33 жаштагы эркек киши);
Ысык-Ата аймактык ооруканасынан – 5 бейтап (3 эркек – 64,66,80 жашта; 2 аял – 62,63 жашта).

Жалпы каза болгондордун саны 76 кишини түздү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн