Бугу 17, 2024
Убакыт: 14:35
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Коронавирустан дүйнө экономикасы 5 трлн доллар жоготууга учурайт

09.04.2020 11:32
1098
Коронавирустан дүйнө экономикасы 5 трлн доллар жоготууга учурайт


Коронавирус инфекциянын жайылышынан дүйнөлүк экономикага келтирилген жалпы зыян эки жылда 5 триллион доллардан ашат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.


Маалыматка таянсак, дүйнө эли 1930-жылдан бери алгачкы ирет терең рецессияга туш болду, себеби вирустун кесепетинен жеке ишкерлер иштебей, үйлөрүндө болууга аргасыз. Экономиканын түшүп кетүүсү божомолдор боюнча узака созулбайт, бирок мамлекеттерге кайра калыбына келүү үчүн убакыт талап кылынат.


Ал эми, Citigroup банкынын башкы экономисти Кэтрин Мэнди дүйнөлүк экономика 5 триллион доллардан ашык зыянга учурарын айткан.


JPMorgan Chase банкынын эксперттери бул көрсөткүчтү 5,5 трлн долларга баалашкан. Алар өнүккөн өлкөлөр 2008-2009 жана 1974-1975-жылдардагыдай экономикалык жоготууларга учурарын билдиришкен.


Америкалык Morgan Stanley банкынын адистери, өнүккөн өлкөлөрдө ички дүң продуктунун көрсөткүчтөрү 2021-жылдын үчүнчү кварталында гана кризиске чейинки көрсөткүчүнө кайтып келет деп болжолдошот.

 

Эске салсак, коронавирус илдети декабрь айынын соңунда Кытайын Ухань шаарында чыккан. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму 11-мартта дартты пандемия деп тапкан. Учурда COVID-19 вирусуна Кыргызстанда чалдыккандар 270 адамга жетти.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн