Бугу 05, 2024
Убакыт: 11:41
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Хан сарайларга коргологон атактуулар

10.04.2020 12:09
960
Хан сарайларга коргологон атактуулар


COVID-19 пандемиясы дүйнөгө желдей тарады. Кырсык менен өлүмдүн алдында бардык адам бирдей деген сөздү бул кырдаал дагы бир жолу далилдегендей болду.  Анткени ооруга кабылгандардын, каза болгондордун арасында жөнөкөй карапайымы да жогорку даражадагы атка минерлер, жада калса ата-бабасынан падыша титулун мурастап калгандары да бар.  Бирок айрым мына ушул "улуу даражалуу" адамдардын "өзгөчө" аракеттери калк арасындагы "велосипедде ыйлагандан көрө мерседесте ыйлаган ыңгайлуу" деген кепти аргасыз эске салгансыйт. Оорудан да шаан-шөкөт менен коргонуп, көпчүлүктүн көңүлүн бурган аракеттерди жасап жаткан атактууларды бүгүн тизмелеп бермекчибиз. 


Бул "улуу даражалуулардын" аракетине коомчулук түркүн мамиле кылууда.  Айрымдар жашасаң ушундай жаша, "күндүк өмүрүн болсо түштүгүнө жорго мин" деген макал менен сыпаташып жатат.  Коомчулуктун кайсы бир бөлүгү алардын бул аракеттерин обу жоктук катары көрүп сынга алышууда.  


Хан сарайга бекинген падыша жана министрлер


Сауд Аравиясынын падышасы Салман ибн Абдул-Азиз Аль Сауддун 150 тууганы коронавирус илдетине чалдыгып, 500 орундуу бардык шарттары менен беш жылдыздуу мейманканадай ыңгайлуу Фейсаль бейтапканасында дарыланууда. Ошол эле жерде ханзаадалардын бири, Эр-Рияддын губернатору жандандыруу бөлүмүндө жатат.


Ал эми, 84 жаштагы падыша Кызыл Деңиздеги хан сарайында өзүн изоляцияга алган. Аны менен бирге мураскор ханзаада Мухаммед ибн Салман Аль Сауд жана бардык министрлер изоляцияда экенин эл аралык басылмалар жазып жатышат.


Мухаммед ибн Салман Аль Сауд




Өз өлкөсүн таштап, башка өлкөгө гареми менен көчө качкан падыша

 

Таиланддын 67 жаштагы падышасы Маха Вачиралонгкорн Раманын коронавирустан өзүн гареминдеги 20 кыз менен изоляцияга алганы эсиңизден чыга элек болсо керек. Тай падышасы Германиядагы 4 жылдыздуу Grand Hotel Sonnenbichl  мейманканасында илдеттен сактанып жатат.


Grand Hotel Sonnenbichl



Улуу Британиянын 93 жаштагы ханышасы Елизавета II өзүн 19-апрелге чейин Виндзор сепилине изоляцияга алган. Ал эми сепил өзү эле кичи шаардай экени көрүнүп турат.  

 

Виндзор сепили


Бирөөгө жан, бирөөгө мал кайгы


Актер Арнольд Шварценеггер коронавируска чалдыкпаганына карабай өзүн изоляцияга алган. Атактуу кино аткаруучу  карантинге өзү менен кошо эшеги менен понисин ала кеткен. Мунун менен Шварценеггер Калифорниянын жашоочуларына убакыты кантип көңүлдү өткөрсө болорун көрсөткүсү келгенин айтат. 




Маалым болгондой карантин учурунда көңүлдү убакыт өткөргөндөр көп. Атактуулардын айрымдары макияжы жок сүрөттөрүн киргизсе, футболчулар даарат кагаздарын топ ордуна ойноп жатышат. Ал эми, дүйнөдөгү атактуулардан кем калбай кыргыз саясатчылары көк-бөрү оюнундагы сүрөттөрүн эстафета кылды. Ошондой эле, тойлордун токтоп калганына ырчыларыбыз чачтарын күнөөлөп, кырып салышты.


Эң негизгиси ар-бир жаран карантиндин эрежелерин сактап, коом алдындагы жоопкерчиликти эстен чыгарбаса болду.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн