Бугу 09, 2024
Убакыт: 11:23
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Коронавирустан кантип сактануу керек? - Дүйнө элдери колдонуп жаткан тажырыйба

17.03.2020 15:10
1884
Коронавирустан кантип сактануу керек? - Дүйнө элдери колдонуп жаткан тажырыйба


Кытай мамлекетинин Ухань шаарында пайда болгон COVID-19 жаңы вирусу учурда дүйнө жүзүнө кулачын кенен жаюуда. 


Ушул тапта илдет 150гө жакын мамлекетке тарап, аны жуктуруп алгандардын саны 170 миңге жакындады. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму бул илдетти пандемия деп атап, адамзаттын жашоосунда чоң крисиз пайда болгонун моюндады.


Коронавирустун коңшу Казакстан менен Өзбекстанга кирип келгени Кыргызстандын үрөйүн ого бетер учурду. Себеби, өпкөнү сезгентүүчү курч мүнөзгө ээ бул эпидемия адам өлүмү менен коштолууда. Акыркы маалыматтар боюнча, коронавирустан каза тапкандардын саны 5 миңден ашса, ошол эле маалда 70 миңден ашык адам айыгып кеткен. Мындан улам кыргыз медицинасы да бул эпидемияны ооздуктай алабы, ага кантип каршы турса болот деген суроо кооптонууну жаратпай койгон жок.    


"media-center" мультимедиялык маалымат-агенттиги өз кезегинде жарандарга дүйнөлүк практикага таянып, Кытай, Корея, Япония сыяктуу коронавирус көп катталган аймактарда колдонууга кеңеш берилген тажрыйбалуу эпидемиологдордун жана тийиштүү адистердин методдорун, ошондой эле алдын алуу чараларын сунуш кылат.


Бул илдеттин негизги белгилери: Кургак жөтөл, дене табынын жогорулашы, дем алуунун оорлошу, баш ооруу жана жүрөктүн тез-тезден согушу.


Коронавирустун мекени аталган Кытай медицинасы бул оорунун алдын алуунун негизги куралы - өздүк санитардык-гигиеналык тазалыкты сактоо дешет. Мисалы, колду бат-баттан самындап таза жууп туруу жана айлана-тегеректи залалсыздандыруу, күнүмдүк турмушта дезинфекциялык каражаттарды көп колдонууну сунушташат. Ошондой эле, кир кол менен оозду көздү, мурунду кармабоого кеңеш берет. Адамдар бири-биринен алыс жүрүүлөрү шарт.


Ал эми япониялык адистер курамына спирт кошулган каражат менен колду, бетти жууп, оозду чайкап турууну сунушташат. Алардын изилдөөсү боюнча вирус 25-27 градуска туруштук бере албайт. Ошондуктан бат-баттан ысык суу, ысык чай жана ысык кофе ичип туруу зарыл. Ысык суюктук ичүү менен вирус ашказанга кирип, андан ары аны кислота өлтүрүп жок кылат деген ишеничин айтышат. Ошондой эле, ооруга шек жараткан адам болсо андан 3 метр обочолонуп туруу керек. 


Россиянын эпидемиологдору болсо вирус темирде 12 саатка чейин жашайт, ал эми кийимде 6 саатка чейин кармалып тура алат, ошондуктан кийимди айна менен бат-баттан жууп, калың кийим болсо күнгө жайып турууну суранат. Адамдын колунда 5-10 мүнөткө сакталып тураарын айткан окумуштуулар бири бири менен кол алышып учурашпоого жана кучакташпоого чакырып, колду утур жууп туруу керектигин эскертишти. Алардын айтымдарында, вирус 28 күнгө чейин организмде билинбей жүрө берет. Эгерде ошо учурда дене табы көтөрүлүп, жөтөл пайда болсо өпкөнүн 50% оорусу күчөп калганын билдирет, ал өтө кеч болуп эсептелет. 


Ал эми Тайван эксперттери жөнөкөй эле кеңештерди берет: адам өзүн текшерүү үчүн күндө эрте менен туруп, терең дем алып, демин 10 секундга чыгарбай кармап тура алса, анда коронавирустан таза деп эсептесе болот. 


Италия Европа мамлекеттеринин ичинен эң катаал чараларды кабыл алган өлкө болду. 60 млн калкы бар бүтүндөй өлкө карантин киргизүү - бул маанилүү чаралардын бири дешет. Коомдук иш-чараларга тыюу салынып, зарылчылык болбосо, кишилерди үйдөн чыкпай олтурууга эскертет. Ал жакта кимдир бирөө жумуштап башка аймакка бара турган болсо, себебин түшүндүргөн документ көрсөтөт.


Коронавируска катуу күрөш жүргүзүү боюнча азыр Кытай сап башында турат. Башка мамлекеттерге караганда кыйла тажрыйбалуу экенин көрсөттү. Мунун себебин ал жакта технология, инфраструктура жогору өнүккөнү менен байланыштырышат. Мисалы, Хубэй провинциясында 65 млн кишини карантинге алуу үчүн 10 күндүн ичинде талаа госпиталдары курулду. Мына ушундай аракеттер аркылуу Кытай коронавирустун жайылышын токтотту. 


Дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө илдеттин тарашы эки аптада 13 эсеге өскөн.


Ошондуктан, Дүйнөлүк салматтыкты сактоо уюмунун жетекчисинин башкы кеңешчиси Брюс Эйлворд Кытай менен тажрыйба алмашууну эп көрөт.


"Кептин баары ылдамдыкта экенин көрдүк. Дем алуу органдарын сезгенткен вирусту жуктуруп алгандарды өтө тездик менен аныктап, аларды чектөөгө алып, аны менен байланышта болгондорду дагы таап чыгуу керек. Калктын калың катмары дагы бул эмне экенин билүүсү зарыл. Эл кырдаалды туура баалап, мындай чараларды аткарууда бийлик менен кызматашууга барышы керек", - деди ал. 



Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Juma
Жакшы маалымат болуптур