Коронавирус инфекциясынан улам каза болгон эки медициналык кызматкердин үй-бүлөсүнө 1 миллион сомдон компенсация төлөндү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин финансылык башкармалыгынын башчысы Мухтарбек Баймурзаев 3-августагы брифингде билдирди.
Анын айтымында, комиссия башка учурлар боюнча документтерди дагы карап жатат.
Буга чейин коронавирустан каза болгон Жүзүмкан Кокумбаева менен Альберт Исмаиловдун үй-бүлөсүнө 1 млн сомдон төлөнүп берилгени маалымдалган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн